Түрк ишкерлери Монголияда

Түрк ишкерлер жолугушууда өлкөнүн калкынын жарымы жашаган борбор шаар Улан – Батор үчүн ТОКИ моделин сунуш кылды

162239
Түрк ишкерлери Монголияда

Евразия жергиликтүү башкаруулар биримдигинин баш төрагасы Хасан Женгиздин жетекчилигиндеги түрк ишкерлер делегациясы өлкөдөгү инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн Улан - Баторго барды.
Түрк делегациясы курулуш министри Дамдин Тсогтбаатар менен кызмат орунунда жолугушту. Түрк ишкерлер жолугушууда өлкөнүн калкынын жарымы жашаган борбор шаар Улан – Батор үчүн ТОКИ моделин сунуш кылды. Курулуш министри Энкхболд да ТОКИге окшогон проектиге муктаждыктын бар экенин белгилеп, бардык колдоону берүүгө даяр экендерин айтты. Түрк делегациясы саламаттыкты сактоо жана спорт министри Ганкхуяг Шилегдамба менен да жолугушту. Женгиз Евразия өлкөлөрүнүн катышуусу менен кышкы оюндардын Эрзурумда өткөрүлүүсү тууралуу чечим чыгарылганын билдирди. Министр Шилегдамба проектинин Евразия аймагында жашаган тууган коомдорду жолугуштуруу жактан абдан маани беришкендерин белгилеп, бул тууралуу кызматташтыкка даяр экендерин белгиледи. Жолугушууда Түркия – Монголиянын ортосунда саламаттыкты сактоо туризминин баштатылары да баса белгиленди. Түрк ишкерлери билим берүү, айыл – чарба, кенчилик жана маданият министрликтери менен жолугушууда да министрлерге проекти тууралуу маалымат берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар