Премьер - министр  чечүүчү жол процесси тууралуу маалымдады

Чечүүчү жол процесси оң багытта баратат

161894
Премьер - министр  чечүүчү жол процесси тууралуу маалымдады

Премьер – министр Ахмет Давутоглу террордун соңуна чыгуусу үчүн жүргүзүлгөн чечүүчү жол процесси тууралуу : «Бат – бат маалымат берүү, күн белгилөө процесстин нугуна зыянын тийгизүүдө. Процесс өз нугунун ичинде оң багытта баратат»,- деди.
Премьер – министр Давутоглу конок болгон түз эфир программасында чечүүчү жол процессине байланыштуу суроолорго жооп берди. Премьер – министр Ахмет Давутоглу бир тараптан ички коопсуздук жана коомдук тартип тууралуу чараларды көрүп жатып, бир тараптан чечүүчү жол процессин өз нугуна кайтарууга аракет кылышкандарын белгилеп : «Ошол нуктун ичинде жыйынтык чыгарууга багыт алдык. Акыркы 2 жумадан бери акыркы күндөрдө да оң багытта күч алган белгилер бар. Ушул алкакта ансыз да эч качан сүйлөшүүлөр үзүлгөн жок»,- деди.
Давутоглу Түркиянын демократиялашуу ичинде бардык ар башка коомдун бөлүктөрүнүн, баарынын тең укуктуу жарандык укуктары болгон, маданиятын, каада – салтын жашай ала турган Түркия идеалын 2002 - жылдан бери жүргүзүп жатышкандарын, ушул багытта кадам ташталганын да белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар