Түркия микрочиптерди өндүрөт

Түркия нанотехнология тармагында маанилүү кадам жасады.

158709
Түркия микрочиптерди өндүрөт

Түркия нанотехнология тармагында маанилүү кадам жасады. Анкарада пайдубалы түптөлгөн чип чыгаруучу ишкана коргоо өнөр жайынан транспортко чейин, байланыштан энергетика секторуна чейин керектүү микрочиптерди өндүрөт. Ишкана ASELSAN менен Билкент университетинин өнөктөштүгүндө 1 жылдын ичинде курулуп бүтүп, 2 жылдан кийин иш жанданат деп күтүлүүдө. Муну менен Түркиянын маанилүү тетик жагынан чет өлкөлөргө көз карандылыгы жоюлат. Пайдубал түптөө аземине катышкан Улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз: «Ушундай кошумча наркы жогору товарларды өндүрсөк, 2023-жылга койгон максаттарыбызга жете алабыз»,-деди.
«Микрочиптер» чачтан да ичке жана жогорку өзгөчөлүктөргө ээ болот. Бул каражаттар өлкө үчүн орчундуу мааниси болгон коргоо радарларында колдонулат. Аталган тетиктер аркылуу радарлардын кубаттуулугу артып, көрүү аралыгы чек-аранын ары жагына чейин жетет. Иш жанданса Түркия бул технологияны жүзөгө ашырган төртүнчү өлкө болуп калат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар