Дүйнөлүк кризис Түркияга таасир эткен жок

Бабажан: «Түркияны өнүктүрүү аракетибиз Дүйнөлүк экономика кыйынчылыкка туш болгон шартта жүрүп жатат»

157372
Дүйнөлүк кризис Түркияга таасир эткен жок

Бабажан: «Түркияны өнүктүрүү аракетибиз Дүйнөлүк экономика кыйынчылыкка туш болгон шартта жүрүп жатат»
Вице-премьер-министр Али Бабажан Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы кеңешиндеги 2015-жылдын бюджети каралган жыйында бюджеттин долбоору ийгиликтүү даярдалганын айтты.
Бабажан бүткүл дүйнөдө экономикалык жана каржылык кризис сезилген 2009-жылы аткаруу бийлиги «убагында жана абдан жакшы белгиленген» чараларды ишке киргизгенин билдирди.
Менчиктештирүү баш болгон билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коопсуздук сыяктуу тармактарда структуралык реформалардын өз учурунда аткарылганын түшүндүргөнвицеөпремьер-министр: «Туруктуу мамлекеттик финансы, бекем банктык система бизди 2008-2009-жылдардагы кризистен сактап калды» деген баяндамасын жасады.
Бул глобалдык каатчылыкка 1920-жылдардан бери дүйнөдө болгон эң чоң экономикалык кризис деп баа берген ал, дүйнөлүк залакасы Экинчи Дүйнөлүк согуштун чыгымынан да жогору болгонун белгилейт. Дал ушундай жагдайга карабай Түркия экономикасынын өскөнү жана жаңы жумуш орундарын түзүү уланган. «Нормалдуу шарттарда эмеспиз. Дүйнөлүк экономика опурталдуу абалда турганда Түркия экономикасын өстүрүүнү улантуудабыз»- деди Али Бабажан.
Түркиянын алгач ирет Эл аралык валюта фондуна насыя берген жана аны башкарган өлкө категориясына өткөнүн белгилеген өкмөт өкүлү 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу бардык тармактарда өсүш болоорун кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар