Польшадан виза жоюу убадасы алынды

Варшавада галанын ачылышын премьер-министр Ахмет Давутоглу менен Польшанын премьер министри Ева Копач жасады.

142004
Польшадан виза жоюу убадасы алынды

Түркия менен Польшанын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлүшүнүн 600 жылдыгы көркөмдүү гала концерти менен аяктады.
Польшанын борбор шаары Варшавада галанын ачылышын премьер-министр Ахмет Давутоглу менен Польшанын премьер министри Ева Копач жасады.
Укмуш шоу көрсөтүлгөн кечеде эки премьер-министр эки өлкөнүн карым-катнаштарын күчтөндүрө турган сүйүнчүлүү маалыматтарды беришти.
Түркия жана Польшанын оросундагы достуктун улам өсүп улана турганын белгилеген премьер-министр Давутоглу визанын жоюлушу боюнча сүйүнчүсүн берди.
Давутоглу: «Польшага визаларды жоюу чечимин чыгардык. Копач да абадан жетүү багытында фреканс көбөйтүү жана шенген визасынын эркиндиги темасында Түркияга толук колдоо көрөстүү убадасын берди»,-деди.
Чыккан токтомго ыраазы болгонун сөз кылган Польшанын премьер-министри Копач да, Түрктөргө коюлган шенген визасынын жоюлушу үчүн иштей тургандарын жана Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө толук колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын кошумчалады.
Сөз сүйлөөлөрдөн кийин гала концерт Бурса областтык симфония оркестринин музыкалары менен уланды.
Теңдешсиз музыканы Эбру шоу коштоду.
Элдик бийлер жана түркүлөр менен уланган кече, «Мехтер» тобунун чыгармаларын көрсөтүүсү менен аяктады.
Кеченин акырында премьер-министр Давутоглу концерт убагында даярдалган «эбру» чыгармасын кесиптешине белек кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар