Литванын президенти Кападокияны кыдырды

Кападокиянын кооз жер экенин белгилеген президент, бул аймакты абдан жактырганын айтты.

140380
Литванын президенти Кападокияны кыдырды


Расмий иш сапары менен Түркияга келген Литванын президенти Даля Грибаускайте, маанилүү туристтик борборлордон Кападокия аймагын кыдырды.
Даля Грибаускайте кечээ түшкү убактарда атайын учак менен Кападокия аэропортуна келди.
Литванын президенти Үчхисар, Гүвержинлик өрөөнү, Гөреме ачык асман алдындагы музей, Аванос районуна караштуу Өзконак жергесиндеги Жер астындагы шаар сыяктуу тарыхый жана туристтик аймактарды кыдырды.
Кападокиянын тарыхый жана табигый аймактарды камтыган кооз жер экенин белгилеген президент, бул аймакты абдан жактырганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар