Кэмерон эртең Түркияга келет

Кэмерон премьер-министр Ахмет Давутоглу менен өткөрө турган эки тараптуу жолугушуудан кийин президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынат.

140031
Кэмерон эртең Түркияга келет

Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон эртең Түркияга иш сапары менен келет.
Күн тартибинде эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Ирак жана Сириядагы акыркы кырдаал орун алууда.
Кэмерон премьер-министр Ахмет Давутоглу менен өткөрө турган эки тараптуу жолугушуудан кийин президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынат.
Жолугушууларда Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрү каралып, эл аралык маселелер талкууланат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар