Чечим табуу процесси

Премьер-министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигинде жүргүзүлгөн жыйналышта «Чечим табуу процесси» сүйлөшүлдү.

139361
Чечим табуу процесси

Түркия Республикасынын Премьер-министри Ахмет Давутоглунун жетекчилигинде жүргүзүлгөн жыйналышта «Чечим табуу процесси» сүйлөшүлдү.
Премьер-министрликтин расмий үйүндө болгон жыйында террордун соңуна чыгарылышы үчүн жүргүзүлүп жаткан чечим табуу процессинде келип жеткен жер жана таштала турган кадамдар каралды.
Жыйналышка вице-премьерлер Бүлент Арынч, Йалчын Акдоган жана Нуман Куртулмуш менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, ички иштер министри Эфкан Ала, улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз, премьер-министрликтин кеңешчиси Кемал Маденоглу, улуттук чалгындоо кызматынын төрагасы Хакан Фидан, мамлекеттик тартип жана коопсуздугунун кеңешчиси Мухаммед Дервишоглу, премьер-министрликтин башкы кеңешчиси Хатем Эте жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракция жетекчилиги милдетин аткаруучу Махир Үнал катышышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар