Түркия Нигериядагы террордук кол салууну айыптады

Нигериядагы террордук кол салууда 100дөн ашуун киши набыт болду.

209881
Түркия Нигериядагы террордук кол салууну айыптады

Түркия, Нигериянын түндүгүндө кечээ бир мечитке кол салуу болгондуктан 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган террордук кол салууну катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин жарыясында Нигериянын Кано областында орун алган Борбордук мечитте жума намазы убагында жарылуулар болуп, мечиттеги элге ок жаадырылышынан 100дөн ашуун киши каза болгонун жана көп сандаган киши жаракат алганын капа болуп укканы белгиленди.
«Ибадат кылынуучу жерге кол салуу эч качан туура кабыл алынбайт. Бул жырткычтай кол салууну катуу айыптайбыз»-деген сөздөр жазылып, Түркиянын бул татаал процессте эл аралык коомчулук менен кызматташып, Нигерия мамлекетине жана калына жардам берүүсүн уланта бере турганы дагы бир жолу баса белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар