Папанын Түркия сапары

Католик христиандардын руханий лидери жана папа Франциск Түркияда

208792
Папанын Түркия сапары

Папанын биринчи аялдамасы борбор шаар болду. Президент Р. Т. Эрдоган Папа Францискти президенттик сарайында тосуп алды. Папа Франциск Түркияга жасай турган сапарынан мурда учакта журналисттерге маалымат берди. Папа : «Түркия чек арасындагы көп сандаган качкынга кучак ачкан өлкө. Кылган кызматыңыз менен бардык диний жана адамзаттык иш чараларды дүйнөгө жеткирип жатасыздар. Рахмат»,- деди. Папа саат 12.50дө Эсенбога аэропортуна келип конду. Папа Франциск Анкарада биринчи болуп мавзолейди зыярат кылды. Папа Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбар коюп, мазолейдин атайын дептерине кол жазмасын калтырды.
*** Папа Франциск дептерге : «Эки материктин ортосундагы табигый көпүрө болгон Түркия бир гана жолдордун эле кесилишкен жери эмес ошол эле учурда бардык маданий, диндерге таандык аялдар менен эркектер үчүн диалог жана бирге жашаган жер болот»,- деп жазды. Папа андан кийин мавзолейди кыдырды. Папа Франциск андан кийин президенттик сарайында президент Р. Т. Эрдоган тарабынан расмий салтанат менен тосулуп алынды. Тосуп алуудан кийин эки лидер жекеме – жеке сүйлөшүүгө өтүштү.
Эрдоган менен жолугушкандан кийин папа премьер – министр Ахмет Давутоглу менен атайын отурумда жолугушат. Папа андан кийин да Дин иштеринин төрагасы Мехмет Гөрмез менен жолугушат. Папанын зыяратында диндер арасындагы диалогдун алдыга чыгуусу күтүлүүдө. Католик дүйнөсүнүн руханий лидери Анкарадан кийин Стамбулга барат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар