Эрдоган Түркиянын баалуулуктарын санап өттү

Эрдоган: "Түркия, инвестиция жасоо, соода кылуу, кызматташтык кылуу үчүн теңдешсиз өлкө"-деди.

207033
Эрдоган Түркиянын баалуулуктарын санап өттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган иш дүйнөсүн колдой тургандарын айтып инвесторлорго ишеним берди.
Эрдоган Стамбулда Эркин ишкерлер жана өнөр жайчылар коомунун 15-Эл аралык жарманкесинин ачылыш аземи жана 18-Эл аралык ишкердик форуму конгрессинде сөз сүйлөдү.
Максаттарга жетүү темасында чечкиндүү болгондоруна көңүл бурган Эрдоган, экономиканын бардык элементтеринин бул максаттарга жетүү үчүн чоң күч жумшап жаткандарын айтты.
Эрдоган: «Бекем финансылык түзүлүшү, тартиптүү түзүлүшү, саясий жактан толук ырааттуулук жана коопсуздук чөйрөсү менен Түркия, инвестиция жасоо, соода кылуу, кызматташтык кылуу үчүн теңдешсиз өлкө, теңдешсиз мүмкүнчүлүк болуп саналат»,-деп айтты.
Президент Эрдоган беш күн бою жарманке жана форумга катышкан коноктордун Түркиянын күчүн, потенциалын көрүүлөрүн өзгөчө ойлогондорун сөз кылды.
Эрдоган Түркия менен боло турган сооданын, эки жактуу инвестициялардын жана кызмытташтыктын ар тарапка пайда келтирээрин баса белгилеп, иш дүйнөсүн толук ишенич менен колдой тургандарын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар