Давутоглу ирактык лидерлер менен телефон аркылуу сүйлөштү
Давутоглу Ирактын премьер-министри жана аймактык башкаруунун төрагасы менен өз-өзүнчө сүйлөштү.
207265
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Ирактын премьер-министри Аль-Ибади жана Ирактагы күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месут Барзани менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Абади менен өткөрүлгөн сүйлөшүүдө Керкүктөгү коопсуздук абал каралды.
Сүйлөшүүдө айрыкча премьер-министр Давутоглунун Иракка сапарынын жыйынтыктары жана жакында боло турган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынына даярдыктар талкууланды.
Барзани менен өткөрүлгөн сүйлөшүүдө болсо Керкүктөгү акыркы кырдаал боюнча пикир алмашылды.
Премьер-министр Давутоглу Түркиянын Ирактын ырааттуулугу үчүн ар түрдүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу баса белгилеп, Месут Барзанини Түркияга чакырды.