Аялдарга карай күч колдонуу изилденет

17 мүчөдөн түзүлө турган Аялдарга карай күч колдонууну изилдөө комиссиясынын иштөө мөөнөтү 3 ай болот.

205781
Аялдарга карай күч колдонуу изилденет

Аялдарга карай күч колдонуу Түркия Улуу Улуттук Парламентинде каралат.
25-ноябрда аялдарга карай күч колдонууга каршы күрөшүү күнүндө Парламент, аялга карай күч колдонууга чара көрүү боюнча дагы бир кадам таштады.
Кечээки Жалпы кеңеште Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Жумурият элдик партиясы, Улуттук кыймыл партиясы жана Элдердин демократиялык пратиясы бул темага байланыштуу изилдөө сунуштарын белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында изилдөө комиссиясы түзүлдү.
Сүйлөшүүлөрдө айрым аял эл өкүлдөрү сыя түстүү шарфтарды тагып трибунага чыгышты.
17 мүчөдөн түзүлө турган Изилдөө комиссиясынын иштөө мөөнөтү 3 ай болот. Керек болсо бул мөөнөт узартылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар