Түркия - Япония

Түркия менен Япониянын ортосундагы карым – катнаштар Токиодо каралды

204800
Түркия - Япония

Дүйнөнүн эң өнүккөн 20 экономикасынан турган чоң жыйырмалар клубунун эки мүчөсү Түркия менен Япониянын ортосундагы карым – катнаштар Токиодо каралды. Түрк жана япон ишкерлери менен бирге Түркиянын Токио элчиси Ахмет Бүлент Мерич да катышкан паннелдин сыймыктуу коногу болсо принцесса Акико болду.
Эки өлкөнүн карым – катнаштары каралган паннелде Султан Абдүлхамид тарабынан Японияга жиберилген жана кайтуу жолунда баткан Эртугрул фрегатынын картасы да сөз болду. Паннелде Кырыккаледе япон археологдор баштаган казуу жана Мармарайды курган япон фирмаларга токтолуп, эки өлкөнүн экономикалык карым – катнаштарынын кандай өнүктүрүлө алары да сүйлөшүлдү. Үй ээси Доошиша университетинин ректору Масанори Наито паннелдин маанисин ТРТ Кабарга билдирди. Наито : «Түркия абдан чоң экономика. Бул өлкө менен саясий жана экономикалык карым – катнаштарды өнүктүрүү Япония үчүн абдан маанилүү»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар