Эрдоган Марокко королу менен телефон аркылуу байланышты

Президент Эрдоган Марокко королу менен телефон аркылуу байланышып Палестинадагы акыркы кырдаалды сүйлөштү.

193888
Эрдоган Марокко королу менен телефон аркылуу байланышты


Президент Режеп Таййип Эрдоган Марокко королу Мухамеммед VI менен кечки убактарда телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Израилдин акыркы жумаларда Хареми Шериф жана Месжиди Аксаны бутага алган кол салуулары каралды.
Эрдоган Ислам дүйнөсүндө нааразылык жараткан бул кол салуулардын Түркия тарабынан катуу айыпталганына көңүл буруп, Рабатта Ислам кызматташтык уюмунун Иерусалим боюнча сүйлөшүү тобунун жыйынына Марокконун жетекчилик кылышынан улам Марокко королу Мухаммедге ыраазычылыгын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар