Сомалиге бир гана Түркия жардам берүүдө

Сомалиге жардам берген Түркия эми аймакта тарыхый ролун ойногон күчтүү өлкө

175336
Сомалиге бир гана Түркия жардам берүүдө

Сомали 2011 – жылга чейин ачкачылыкка, суусуздукка калтырылып, эл аралык коомдор тарабынан четке кагылып, жалгыз калган өлкө эле. Бирок Түркиянын жардамдары көп нерсени өзгөрттү. Саясат экономика жана коом иликтөөлөрү фонду СЕТА Түркиянын Сомали саясаттарына баа берди. Чыгыш Африка геополитикасы жана Түркиянын Сомали саясатын карап чыккан бир отчетту билдирген иликтөөчүлөр Түркиянын аймактагы маанисине көңүлдөрдү бурду. Түркия Сомалиге адамзаттык жардам менен бирге өнүгүү жана мамлекет мекемелеринин курулушу үчүн да абдан чоң колдоо берүүдө. СЕТА тышкы саясат иликтөөчүсү Мехмет Өзкан : «Түркиянын аракеттери менен бирге Сомали кайрадан эл аралык күн тартибине кирди, бирок азыр да эл аралык коом коопсуздук негизи менен кийлигише албай жатат. Кийлигишкендер болсо бир гана аэропортто элчилик ачуу менен эле калып жатат»,- деди.
Түркиянын 3 жылда эл аралык коомдордун жасай албагандарын аткарганын баса белгилеген Өзкан : «Эң негизгиси Сомалинин өз бутунда туруусу жана Түркия бул тууралуу олуттуу роль ойноп жатат. Түркия бул мааниде Сомали тарыхына кирди. 21 – кылымда Түркиясыз Сомали тарыхынын жазылуусу мүмкүн эмес»,- деп баа берди. Панелге катышкан Сомалинин Анкара элчиси Мохамед Мурсал Шеикх Абдирахман да сомалиликтердин Түркияга болгон сүйүүсүн бул сөздөр менен билдирди : «Түркия сомалилик кишилердин жүрөгүндө унутулбай турган орунга ээ. Сомалиликтер мындай дейт Сомалиде көргөн бир гана ак жүздүүлөр түрктөр. Себеби жерибизге башка ак жүздүүлөр келбейт»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар