Тарыхый Жибек Жолу кайрадан курулууда

Лүтфи Элван проектинин экономикалык эле эмес, аймак калктарынын жакындашуусуна мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты

159871
Тарыхый Жибек Жолу кайрадан курулууда

Азия менен Европаны Түркия аркылуу темир жолдор менен байланыштыра турган Баку – Тбилиси – Карс темир жолу кадам кадам турмушка ашырылууда. Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Лүтфи Элван да : «Баку – Тбилиси – Карс темир жолу Жибек Жолу коридорунун кеңейүүсүндө жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген жыйын үчүн Азербайжандын борбор шаары Бакуда. Жыйынга 22 өлкөдөн жогорку мартабалуу жетекчилер катышууда.
Азербайжандын транспорт министри Зия Мемедов Баку – Тбилиси – Карс темир жолунун колдонууга сунушталуусу менен Транс – Европа темир жолу түйүндөрүнүн бириктирилерин белгиледи жана жолдун аймак өлкөлөрүнүн транзит мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтөрүн баса белгиледи. Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Лүтфи Элван да проектинин бир гана экономикалык эмес, аймак калктарынын да бири бирине жакындашуусуна мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты. Элван : «Чек арадагы өткөөлдөрдө бөгөттөр жок кылынуусу керек. Аймак өлкөлөрү күчтүү транспорт желелерине ээ болот, экономиканын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт»,- деди. Лүтфи Элван проектиге тарап өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар