Чавушоглунун БУУдагы маалыматтандыруусу

Чавушоглу кесиптештерине Түркиянын активдүү тышкы саясатын түшүндүрдү.

158427
Чавушоглунун БУУдагы маалыматтандыруусу

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине 2015-2016-жылдарда убактылуу мүчө болуу үчүн добуш берүүнүн алдында Нью-Йоркто тыгыз дипломатиялык алакаларын жүргүзүүдө.
Эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу, кесиптештерине Түркиянын активдүү тышкы саясатын түшүндүрдү.
Түркиянын коопсуздук кеңешине талапкерлиги үчүн колдоо алды.
Түштүк Африка Өнүгүү тобу өлкөлөрүнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлдөрү менен иш тамагында жолугушкан Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Африканын ортосундагы карым-катнаштардын акыркы мезгилде абдан ылдам өнүккөнүн белгилеп өттү.
Түркиянын Африканы 2008-жылдан бери стратегиялык өнөктөш катары аныктаганын баса белгилеген Чавушоглу, Африка өлкөлөрү менен эки тараптуу сооданын өсүп баратканына көңүл бурду.
Түркия менен Африканын арасындагы дипломатиялык карым-катнаштарга токтолгон Чавушоглу Түркиянын Африкада абдан көп элчилик ача алганын жана Түркияда да отуз Африка өлкөсүнүн элчиликтери бар экендигин айтты.
Чавушоглу Түркия-Африка саммитинин экиничси 19-ноябрда Малободо өтө турганын эске салды.
Эбола менен күрөшүүгө да токтолгон Чавушоглу Түркиянын кризисти башкаруу жана кризистерге бөгөт болуу багытында аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берди.
Түркиянын таштаган кадамдары менен үчүнчү чоң өлкө болгонун белгилеген Чавушоглу, Түрк аба жолдорунун Африканын бир топ жерине учканын баса белгиледи.
Түркия шайланган учурунда 2015-2016-жылдардагы Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө талапкерлигин күн тартипке алып чыккан Чавушоглу, шайланган учурунда Түркиянын туш болгон бардык маселерлер боюнча активдүү жана аткарылгыдай ролду милдеттене турганын түшүндүрдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар