Тышкы иштер министрлиги Сомалидеги бомбалуу кол салууну айыптады

Түркия Сомали калкына колдоо көрсөтүүсүн уланта турганын билдирди.

155946
Тышкы иштер министрлиги Сомалидеги бомбалуу кол салууну айыптады


Түрк тышкы иштер министрлиги борбор шаар Могадишуда болгон жана 15 жаран каза болгон бомбалуу кол салууну катуу айыптады.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кол салуунун Сомалинин тынчтык жана ырааттуулугуна каршы жасалганы белгиленип, Түркия дос жана боордош Сомали калкына колдоо көрсөтүүсүн уланта турганы баса белгиленди.
Билдирүүдө айрыкча: «Кол салууда каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын бат сакайып кетишин каалайбыз»,- деп жазылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар