Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү

Эрдоган менен Путин эки тараптуу карым-катнаштар менен катар айрым эл аралык маселелерге да токтолушту.

153670
Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен кечээ телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Президенттик маалымат борборунан маалымдашкандай анда, эки тараптуу карым-катнаштар менен катар айрым эл аралык маселелерге да токтолушту.
Эки тараптуу карым-катнаштарда эң маанилүү механизмдерден бири болгон Жогорку деңгээлдеги кызматтыштык кеңешинин жыйналышына байланыштуу даярдык иштери каралган сүйлөшүүдө, сөзү болгон жыйналыштын жылдын акырына чейин аткарылуусу темасында макулдашылганы белгиленди.
Президент Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Түркиянын ПКК жана ИШИМ сыяктуу террордук куюмдар менен күрөшкөн өлкө катары террордун ар түрдүүсүнө каршы болгонуна көңүл буруп, 5-октябрда Грозныйдагы террордук кол салууда адамдардын каза болгонуна байланыштуу Путинге көңүл айтканы да белгиленди.
Эрдогандын Путинге Крымдагы татар түрктөрүнүн башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарын да эске салганы белгиленди.
Эрдогандын крымдык түрктөрдүн кооптонууларынын жоюлушу үчүн керектүү алаканын көрсөтүлүшү керектигине токтолгону билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар