Тышкы иштер министрлиги Тохти тууралуу билдирүү жасады

Танжу Билгич : «Тохтинин өмүр боюу абак жазасына тартылуусунан абдан санааркап жатабыз»,- деди.

140205
Тышкы иштер министрлиги Тохти тууралуу билдирүү жасады

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич уйгур тектүү илимпоз Илхам Тохтинин жикчилдик кылмышы менен өмүр боюу абакка алынуусунан санааркашкандарын белгиледи. Билгич берилген бир суроого берген жообунда эл аралык тармакта таанылган илимпоз болгон Тохтиге берилген жазанын эл аралык коомдун күтүүлөрү менен да шайкеш түрдө каралып чыгылуусун жана эркин коё берилүүсү күтүлгөнүн белгилеп : «Тохтинин өмүр боюу абак жазасына тартылуусунан абдан санааркап жатабыз»,- деди.
Кытайдын Шыңжан автоном аймагындагы Үрүмчү элдик сотунда басма сөзгө жана эл аралык байкоочуларга жабык өткөн сотто уйгур тектүү профессор Илхам Тохти «жикчилдик» кылмышы менен өмүр боюу абак жазасына тартылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар