Р. Т. Эрдоган президенттик сыпаты менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Эрдоган Давутоглунан кийин Улуттук Чалгындоо Уюмунун кеңешчиси Хакан Фиданды кабыл алды

112566
Р. Т. Эрдоган президенттик сыпаты менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Режеп Таййип Эрдоган «президент» сыпаты менен биринчи жумалык кезектеги сүйлөшүүлөрүн кечээ өткөрдү. Президент Эрдоган Чанкая сарайында премьер – министр Ахмет Давутоглу жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун кеңешчиси Хакан Фиданды кабыл алды. Эрдоган биринчи болуп премьер – министр Ахмет Давутоглу менен жолугушту. Жолугушууда премьер – министр Давутоглунун өкмөттүн иштери, террордун соңуна чыгуусу үчүн жүргүзүлгөн чечүүчү жол процесси менен мамлекеттин ичинде бирок мамлекеттин эрежелерине ылайык кыймыл кылбаган киши жана топтор катары аныкталган пареллель түзүлүш менен күрөшүү темаларына байланыштуу президентке маалымат бергени белгиленди.
Президент Эрдоган Давутоглунан кийин Улуттук Чалгындоо Уюмунун кеңешчиси Хакан Фиданды кабыл алды. 1 саатка жакын созулган жолугушууда жаңы мезгилде чечүүчү жол процессинде таштала турган кадамдардын жана аймактык абалдардын сөз болгону белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар