Ырлар тынчтык үчүн ырдалды

Эл аралык Тынчтыкка чакыруу фестивалынын алтынчысы кечээ Стамбулда өткөрүлдү

111436
Ырлар тынчтык үчүн ырдалды

1 – Сентябрь Дүйнөлүк Тынчтык Күнүнүн алкагында Санйер муниципалитетинин Эл аралык Тынчтыкка чакыруу фестивалынын алтынчысы кечээ Стамбулда өткөрүлдү. Жаштардан турган тынчтык хору ар башка тилдердеги ырларын тынчтык үчүн аткарышты. Кечеде элдик бийлер да аткарылды.
Мазлум Чимен жана Республикалык Элдик партиясынын лидеринин орун басары Шафак Павей бирдикте тынчтык ырларын ырдашты. Фестивалга катышкан Республикалык Элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу да тынчтык тууралуу сөз сүйлөдү. Кылычдароглу : «Тынчтык бардык ишеничтердин орток жери. Бирок тынчтыкты бузган дагы бизбиз. Саясат аесуз бир тармак, адамдарды бөлөт. Бирок саясат тынчтыкты да түзөт. Өлкөдө бирдикте тынчтыкты, бейкуттукту түзүүгө мажбурбуз»,- деди. Фестивалда ар башка диний жол башчыларынын тынчтык кабарлары да синевизиондон берилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар