Эрдогандын чет өлкөгө алгачкы сапары

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасына жана Азербайжанга барат.

109962
Эрдогандын чет өлкөгө алгачкы сапары

Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат.
Президент Эрдогандын президент сыпаты менен жасай турган биринчи сапарында программасы абдан тыгыз болмокчу.
Президент Эрдоган түшкү сааттарда Түндүк Кипр Түрк Республикасында болот.
Эң оболу доктор Фазыл Күчүк менен куруучу президенти Рауф Денкташтын көрүстөндөрүнө зыярат кыла турган Эрдоган үчүн президенттик сарайда расмий тосуп алуу уюштурулат.
Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу менен өз алдынча жолугушкан соң биргелеше маалымат жыйын өткөрөт.
Кипр Түрк тынчтык күчтөрү командирлиги менен Богаз шейиттигине да бара турган президент Эрдоган кечки сааттарда Түндүк Кипр Түрк Республикасынан кетет.
12-президенттин экинчи аялдамасы болсо дос жана тууган өлкө Азербайжан.
3-сентябрда борбор шаар Бакуга бара турган Эрдоган кесиптеши Илхам Алиев менен ири энергия жана транспорт проекттерин кеңири сүйлөшөт.
Президент Эрдоган бул жерде абдан жакынкы бир убакта Түркия жана Европага жаратылыш газ агымын камсыздай турган Шахдениз проектинин пайдубал түптөө аземине катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар