Президент Эрдоган чет өлкөлүк конокторго кечки сый тамагын берди

Сый кечеге  көп сандаган киши катышты.

107197
Президент Эрдоган чет өлкөлүк конокторго кечки сый тамагын берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, президенттик кызматты тапшыруу-өткөрүп алуу аземине катышкан жергиликтүү жана чет өлкөлүк конокторду Чанкая Сарайында өткөргөн сый кечеде тосуп алды.
Абдуллах Гүлдөн кызматын өткөрүп алган 12-президент Режеп Таййип Эрдоган, Абдуллах Гүлдү Чанкая сарайынан узаткандан кийин ант берүү аземине катышкан жергиликтүү жана чет өлкөлүк лидерлерге Чанкая сарайынын бакчасында рецепсия өткөрдү.
 Рецепсияга чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылары менен катар президенттин жубайы Эмине Эрдоган жана балдары, парламенттин төрагасы Жемил Чичек, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ахмет Давутоглу жана жубайы Саре Давутоглу, генштабдын төрагасы армия генералы Неждет Өзел жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери, министрлер жана жакындары, медиа органдарынын мүчөлөрү, жумушчулар, кызматкерлер жана профсоюздардын өкүлдөрү катышты.
Президент Эрдоган андан кийин азем үчүн Түркияга келген мамлекет жана өкмөт башчыларынын урматына кечки сый тамагын берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар