100гө жакын чет өлкөлүк конок Түркияга келди

12-президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоган чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчыларынын урматына кечки сый тамагын берет.

106060
100гө жакын чет өлкөлүк конок Түркияга келди

Президенттик кызматты тапшыруу-өткөрүп алуу аземи үчүн 100гө жакын жогорку деңгээлдеги чет өлкөлүк конок Түркияга келди.
Аземде 15 өлкө президенттик деңгээлинде өкүлдүк кылынат.
Ушул алкакта Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Албания, Бенин, Босния-Герцеговина, Болгария, Эфиопия, Катар, Казакстан, Косово, Македония, Молдова, Сомали, Того, Түркмөнстан жана Украина аземде президенттик деңгээлде орун алышат.
Ант берүү аземинде айрыкча 6 өлкө парламент төрагасы, 12 өлкө премьер-министр, 3 өлкө вице-президент, 7 өлкө вице-премьер, 40тай өлкө да министрлер деңгээлинде өкүлдүк кылынат. Эл аралык уюмдардан да тогузоонун өкүлү аземде орун алат. 
Аземде Сириянын атынан болсо Сириянын оппозиячыл жана төңкөрүшчү күчтөр коалициясынын төрагасы Хади Бахра катышат.
12-президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоган чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчыларынын урматына кечки сый тамагын берет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар