Эрдоган Мерзуки менен сүйлөшүү өткөрдү

Анда, Газадагы акыркы абалдар жана аймак калкына жардам берүү маселелери каралды.

101467
Эрдоган Мерзуки менен сүйлөшүү өткөрдү

Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган Тунистин президенти Мунсиф аль-Мерзуки менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Эки лидердин ортосундагы телефондогу сүйлөшүүсүндө Газадагы акыркы абалдар жана аймак калкына жардам берүү маселелери каралды.
Премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын аймакта тынчтык жана ынтымактын жалгыз адилеттүү макулдашуу менен камсыздала турганына көңүл буруп, тараптардын убакытты көп өткөрбөстөн кайрадан сүйлөшүүлөрдү баштоосун камсыздоо үчүн эл аралык жамааттын биргелеше аракет жумшоосу керектигин баса белгилегени белгилүү болду.
Тунистин президенти Аль-Мерзуки болсо алдыбыздагы процессте палестиналыктарга жардам берүү максаты менен "Газанын достору" деген ат менен жыйналыш өткөрүүнү пландагандарын түшүндүрдү.
Эрдоган жана Аль-Мерзукинин сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясы өтүп жаткан убакта Нью-Йоркто жолугушуу темасында макулдашышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар