Түрк Кызылайы тарабынан жардам таркатуу улантылууда

Түрк Кызылайы Ирактагы баш калкаооочуларга гуманитардык жардам берүүнү улантууда

89534
Түрк Кызылайы тарабынан жардам таркатуу улантылууда

ИШИД уюмунун кол салууларынан качып Күрт аймагына баш калкалагандар Эрбилге 20 километр алыстыктагы Бахерка лагеринде Түрк Кызылайынын берген жардамдары менен кубанды. Иракта кагылышуулар башталган июнь айынын башынан бери жардам берген Түрк Кызылайы аймактагы баш калкалоочулардын эң чоң куткаруучусу болууну улантууда.
Түрк кызылайы тарабынан 1400 киши жашаган лагерде араларында суу, азык – түлүк, шекер, булгур, балдардын азыгы жана гигиеналык материалдар орун алган гуманитардык жардамдар таркатылды.
Кызылай Ирак Гуманитардык Жардам операциясынын жооптуусу Үмит Түркарслан эки айга жакын убакыттан бери Иракта гуманитардык жардам иштерин аткарып жатышкандарын айтты. Жардамдардын берилүүсүнө көмөкчү болгон Ирак Түркмөн Форнтунун депутаты Айдын Маруф түрк өкмөтүнө, түрк калкына жана кызылайга рахмат айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар