Президент Абдуллах Гүл коштошуу рецепсиясын берди

Абдуллах Гүл Түркиянын келечегине болгон ишеничин жана үмүтүн сактоо менен кетерин айтты.

89712
Президент Абдуллах Гүл коштошуу рецепсиясын берди

Президент Абдуллах Гүл кызмат мөөнөтүнүн аяктоосу менен Чанкая сарайында коштошуу рецепсиясын берди. Сөзүндө 12 – президент болуп шайланган Эрдоганды куттуктаган Гүл өзү президент болуп турган кезде Түркиянын ырааттуулугу, кадыр – баркы жана күчүн сактоосуна өзгөчө көңүл бурганын, Түркиянын келечегине болгон ишеничин жана үмүтүн сактоо менен кетерин айтты. Коштошуу рецепсиясында журналисттердин суроолоруна жооп берген президент жана премьер – министр Р. Т. Эрдоган да Адилеттик жана Өнүгүү партиясынан лидер шайлоо тууралуу : «Саясат эч качан боштукту каалабайт. Биринчи кезекте жаралышы мүмкүн болгон боштуктарды жок кылуу»,- деди.
Партиянын лидери жана премьер – министрдин башка кишилер болбой турганын айткан Эрдоган : «Келечекте партияда дагы жакшы иштер аткарылат»,- деди. Кабинет текшерүү тууралуу сөздөрдү да жалганга чыгарган Эрдоган 27 – августта кезексиз конгресстин өткөрүлөрүн жана бул конгрессте бир гана лидердин шайланарын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар