Бүгүн Улуттук коопсуздук кеңеши чогулат

Жыйналыш пенсияга чыга турган жандармериянын башкы командири, армия генералы Сервет Йөрүк үчүн коштошуу ниетинде өтөт.

89085
Бүгүн Улуттук коопсуздук кеңеши чогулат

Улуттук коопсуздук кеңешинин август айындагы кезектеги жыйыны бүгүн болот.
Президент Абдуллах Гүл акыркы жолу жетекчилик кыла турган жыйналышта 10-август шайлоосунда Түркиянын 12-Президенти болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоган да акыркы жолу премьер-министр сыпаты менен катышат.
Жыйналыш пенсияга чыга турган жандармериянын башкы командири, армия генералы Сервет Йөрүк үчүн да коштошуу ниетинде өтөт.
Кызматын 30-авгутта Эгей армиясынын командири, армия генералы Абдуллах Атайга өткөрө турган Жандармериянын башкы командири Сервет Йөрүк да Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынына акыркы жолу катышкан болот.
Жыйналышта Ирактагы ИШИМ коркунучу жана түркмөндөрдүн абалы менен Газада болуп жаткан абалдар менен катар Түрк куралдуу күчтөрүндө реформа иш-чараларынын алдыңкы күн тартип беренелери болушу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар