Кечээ түрк саясатынын эң маанилүү шайлоосу өттү

Шайлоолорго катышуу катнашы 73 пайыз болсо, 40 миллион добуштан 39 миллион 700 миңи жарактуу болуп эсептелди.

87100
Кечээ түрк саясатынын эң маанилүү шайлоосу өттү

Расмий эмес жыйынтыктарга караганда Режеп Таййип Эрдоган добуштардын орто эсеп менен 52 пайызын алып Түркиянын 12-президенти болду.
Шайлоолорго катышуу катнашы 73 пайыз болсо, 40 миллион добуштан 39 миллион 700 миңи жарактуу болуп эсептелди.
Шайлоонун расмий эмес жыйынтыктарына карасак Режеп Таййип Эрдоган добуштардын 52 пайызын алды, Жумурият элдик партиясы жана Улуттук кыймыл партиясы биргелеше көрсөткөн талапкери Экмеледдин Ихсаноглу 38 пайыз, Элдик демократия партиясынын талапкери Селахаттин Демирташ 9,7 пайызга ээ болду.
Түркиянын жалпысындагы 55 областта Режеп Таййип Эрдоган, 15 областта Экмеледдин Ихсаноглу, 11 областта Селахаттин Демирташ атаандаштарынан дагы көп добуш алышты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар