Түрк Кызылайынын кызматкери Анкарага алып келинди

Серхат Шайлан «өпкөсүндө пайда болгон инфекциядан» учак менен өлкөгө алып келинди

74292
Түрк Кызылайынын кызматкери Анкарага алып келинди

Түркиянын жардамдарын Газага жеткирүү үчүн аймактагы Түрк Кызылайынын кызматкери Серхат Шайлан «өпкөсүндө пайда болгон инфекциядан» улам саламаттыкты сактоо министрлигине таандык учак менен өлкөгө алып келинди.
Тышкы иштер жана саламаттыкты сактоо министрликтеринин демилгеси менен Шайланды Иерусалимден алган учак түнкү сааттарда Анкара Эсенбога аэропортуна конду. Бул жерде саламаттыкты сактоо кызматкерлери, АФАД жана Кызылай жетекчилери тарабынан тосулуп алынган Шайлан Ататүрк билим берүү жана изилдөө ооруканасына жиберилди. Тез жардам учагынын дарыгери Мехмет Гөк жасаган билдирүүсүндө оорулууда олуттуу өпкө инфекциясы жана бөйрөк оорусунун бар экенин белгиледи. Серхат Шайлан барган аймакта бир жумадай дарыланганын белгилеген Гөк азыркы абалынын олуттуу экенин айтты. Оорулуунун Түркияга алып келиниши боюнча операциянын абдан жакшы уюштурулганын айткан Гөк жардам бергендердин баарына рахмат айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар