Кызылай телафердик түркмөндөрдү жалгыз калтырган жок

Кызылай топтору 16 тройлер менен ташыган жардамды үй - бүлөлөргө таркатты

73744
Кызылай телафердик түркмөндөрдү жалгыз калтырган жок

Иракта кагылышуулар башталган июнь айынан бери жардам берип жаткан Кызылай майрамда да телафердик түркмөндөрдү жалгыз калтырган жок.
Кызылай топтору 16 тройлер менен ташыган гуманитардык жардам материалдары Эрбил – Мусул жолу аркылуу Хазер лагеринде жашап жаткан үй – бүлөлөргө таркатыла баштады. Жардамдарды таркатууда кээ кээде кыйынчылыктар болсо да бир топ үй – бүлөгө азык – түлүк таркатылды. Чатыр лагерлерде жашап жаткан үй – бүлөлөр өздөрүн майрамда унутпаган түрк калкына рахмат айтышты. Бир канча убакыттан бери кагылышуулар жана бийлик боштугу болгон Иракта ИШИДдин жол башчылыгындагы куралдуу топтор Мусул жана Тикрит сыяктуу кээ бир шаарларда тешкерүүнү колго алып, кагылышуулардын айынан 1 миллионго жакын жаран аймактан көчүүгө мажбур болушту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар