Транспортто кечээ дагы бир тарыхый кадам ташталды

Анкара - Стамбул поезд каттамы башталды

71673
Транспортто кечээ дагы бир тарыхый кадам ташталды

Анкара – Стамбул арасында жогорку ылдамдыктагы поезд каттамдары башталды. Жогорку ылдамдыктагы поезд менен Анкара – Стамбулдун арасы биринчи этапта үч жарым саатка түшөт. Биринчи поезд Анкара станциясынан чыкты. Поезддин алгачкы жүргүнчүлөрүнүн бири да премьер – министр Р. Т. Эрдоган болду. Жогорку ылдамдыктагы поезд үчүн биринчи азем Эскишехирде өткөрүлдү. Эскишехирдеги ТҮЛОМСАШ заводунда иликтөөлөрдү жүргүзгөн премьер – министр комплекстерде өндүрүлгөн жаңы муун локомативдердин алгачкы колдонулуусун ишке ашырды. Поезддин андан кийинки аялдамасы болсо Билежик болду. Билежиктеги аземден кийин премьер – министр да ичинде болгон жогорку ылдамдыктагы поезд Стамбулга карай жол алды. Стамбул Пендикке барган ылдам поезд ушундайча Анкара жана Стамбулдун ортосунда биринчи каттамын ишке ашырган болду. Режеп Таййип Эрдоган Пендик станциясында чогулган калкка кайрылып сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын дүйнөнүн сегизинчи, Европанын алтынчы жогорку ылдамдыктагы поезд өлкөсү болуунун кубанычын сыймыктануу менен жашашкандарын айтты. Эрдоган жергиликтүү өндүрүш болгон жогорку ылдамдыктагы поезд менен абдан жакшы жүргүнчүлүк болорун белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар