87 университет биргелешкен айыптоосун жарыялашты
Жарыяда дүйнө жүзүн Газадагы абалга көңүл буруу чакырыгы ташталды.
Түркияда 87 университеттин ректору, биргелеше декларация жарыялашып, Израилдин Газага кол салуусун айыптады.
Газада чоң трагедия болуп жатканын белгилеген декларацияда, бул кыргынга бүткүл дүйнөнүн сокур жана дүлөй сыяктуу мамиле кылып жатканы баса белгиленди.
Израиль бийлигинин акыл эстүү ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн жоготконун, мылтыктын бутасына балдарды алып жырткычтай кол салып жатканын белгилеген декларцияда, «Ислам дүйнөсүнүн ыйык Рамазан айында, Газада бомбанын үндөрүнүн астында тагдырдын жазганына таарынуу менен көз жашы агып ооз ачылууда. Тилекке каршы зулумдукка көз жумган ар ким бул жырткычтыктын үлүштөшү болот»-деген сөздөр жазылды.
Бүткүл дүйнөнүн, өзгөчө Ислам дүйнөсүнүн мусулмандарды жана ислам баалуулуктарын бутага алган Израилдин башкаруучулугуна каршы биримдик, ынтымак жана колдошуу менен бирдей мамиле жана каршылык көрсөтүүсү керектигине көңүл бурулган декларацияда, Израиль бийлигинин бул жырткычтай кол салуулары менен эч кандай жыйынтыкка жете албай турганын, а бирок адамзаттык бул зулумдукка үн катпай калган сайын, каза болгон балдар жөнүндө дагы көп аңгемелер угула турганы белгиленди.
Газадагы зулумдукка каршы улуттук жана эл аралык платформада коомдук пикир түзүлүшү темасында ар түрдүү жоопкерчилик алына турганын сөз кылган декларацияда, Газа үчүн бардык университеттерде жардам жана колдоо акциялары баштатыла турганы жарыяланды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718925595)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.