Эрдогандан Газа үчүн чакыруу
Премьер - министр Эрдоган БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен телефон аркылуу сүйлөштү
Премьер – министр Р. Т. Эрдоган БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга телефон чалып Израилдин Газага карата кол салууларын дароо токтотуусу үчүн эл аралык коомдун чукул түрдө аракетке өтүүсүн суранды. Сүйлөшүүдө кол салуулардын токтотулуусун суранган Эрдоган израилдиктер менен палестиналыктардын арасында 2012 – жылы түзүлгөн ок атууну токтотуу макулдашуусуна кайра кайтуу керектигин баса белгиледи.
Премьер – министр Эрдогандын Израиль өкмөтүнүн улуттук коопсуздугунун бир гана адилеттүү жана кенен масштабдуу ийгилик менен түзүлө аларын түшүнүүсү керектигине көңүлдөрдү бурганы белгиленди. Газаны бутага алган кол салуулардын натыйжасында азыркы учурга чейин көп сандаган күнөөсүз палестиналыктын каза болгонун, жүздөгөн кишинин да жараланганын эске салган Эрдогандын Түркия катары кол салууларды айыпташкандары белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718913349)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.