Саясатчылар Анкарада МҮСИАД уюштурган ооз ачуу тамагында жолугуш

Жолугушууда вице – премьер Али Бабажан президенттик шайлоого токтолду

123265
Саясатчылар Анкарада МҮСИАД уюштурган ооз ачуу тамагында жолугуш

Тамакка катышкан вице – премьер Бүлент Арынч менен Али Бабажандын күн тартибинде президенттик шайлоо орун алды. Мүсиаддын Анкарада берген ооз ачуу тамагына вице – премьер Бүлент Арынч менен Али Бабажан жана ички иштер министри Эфкан Ала, энергетика министри Танер Йылдыз, билим өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык менен Европа Биримдиги жана башкы сүйлөшүүчү Мевлүт Чавушоглу катышты. Вице – премьер Али Бабажан президенттик шайлоого токтолду.
Бабажан президенттикке талапкер премьер – министр Эрдогандын 12 жылга жакын абдан ийгиликтүү жана дүйнө кызыккан, баары колдогон бир мезгилден кийин азыр президенттикке талапкер экенин баса белгилеп, алдыбыздагы мезгилдин да башка бир мезгил болорун, Түркиянын бул жаңы мезгилде башка ийгиликтерге жетишерине ишенишкендерин айтты. Вице – премьер Бүлент Арынч да сөзүндө Түркиянын эл аралык тармакта бир гана экономикалык жактан эмес ырааттуулук жактан каралганын белгилеп : «Түркияда саясий ырааттуулук улантылат»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар