Тышкы иштер министрлик айрым элчилерди дайындады

30 ысым ар түрдүү миссиялар менен дайындалды.

103557
Тышкы иштер министрлик айрым элчилерди дайындады

Тышкы иштер министрлигинде 2014-жылдын жай мезгили үчүн элчи дайындоолор белгилүү болду.
30 ысым ар түрдүү миссиялар менен дайындалган токтомдо тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу менен жакын иштешкен Селжук Үнал жана Ахмет Тута да орун алууда.
Тышкы иштер министрликтин атайын кеңешчиси Селжук Үнал Канадага Оттава элчилигине дайындалса, Давутоглунун 2 жылдан бери атайын катчылыгын жүргүзгөн Ахмет Тута болсо Хорватияга Загреб элчилигине дайындалды.
Тышкы иштер министрлигинде Ирак боюнча башкы директордун орун басарлык кызматын жүргүзүп келген Хакан Текин, Иранга элчи болуп дайындалды.
Сирияда эң орчундуу мезгилде кызмат кылган Түркиянын акыркы Дамаск элчиси Өмер Өнхон Испанияга элчи болду.
Дайындоолордо көңүлдү бурган башка бир ысым болсо президент Абдуллах Гүлдүн атайын катчылык директорлугун жүргүзгөн Осман Корай Эрташ болду. Эрташ Румынияга элчи болуп дайындалды.
Мындан мурда министрликтин тышынан дайындалган Кенан Гүрсойдун ордуна Ватикан элчилигине Дин иштери башкармалыгынын тышкы байланыштар боюнча жооптуу төрага орун басары Мехмет Пачажы ылайык көрүлдү.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар