Министрлер кеңеши

Кечээ премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган жетектеген министрлер кеңешинин жыйыны өттү.

97864
Министрлер кеңеши

Премьер-министрдин жардамчысы Бүлент Арынч Иракта барымтага алынган жарандар тууралуу, “ Албетте Түркия мекендештерин куткарат. Бирок бул Ирак менен болгон мамилебизге таасирин тийгизбеши керек”,- деди.
Кечээ премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги алдындагы министрлер кеңешинин жыйынынан кийин, журналисттердин алдында Арынч, Мусулда барымтага алынган жарандарды куткаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты.
Арынч: “Биздин айдоочулар менен да консулдуктун кызматкерлери менен да байланышыбыз бар. Ар дайым алардын абалынан кабар алып турабыз. Бирок аларды тез арада өлкөгө кайтарып алуу үчүн, айрым иштерге аяр мамиле жасашыбыз керек”,- деп сүйлөдү.
Жарандардын куткарылышы үчүн Ирактын экс- президентинин жардамчысы Тарык Хашими баш болгон бир топ кишилердин жардам берип жаткандыгын билдирген премьер-министрдин жардамчысы Арынч, азыр да аймакта жашаган жана иштеген 100 миң түрк бар экендигин, аларды толук көчүрүп кетпей тургандыгын билдирди.
Арынч бирок көчүп кетүүнү каалагандар үчүн коопсуздукту камсыз кылаарын Түркиянын тышкы иштер министрлиги айтып жатканын билдирди.
Ирак биздин консулдукту коргобоптур, Мусулдун калкы да коргоосуз калыптыр деген Арынч, ар бир мамилекет өз өлкөсүндөгү чет элдиктерди жана алардын өкүлчүлуктөрүн коргошу керек экендигин белгиледи.
Бүлент Арынч бул маселе тууралуу аймактагы түркмөндөргө АФАД каналы аркылуу гуманитардык жардамдар берилип жаткандыгын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар