Эрдоган жана Жо Байден сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Мусулдагы абалдар менен түрк жарандарынын абалы сөз болду

94461
Эрдоган жана Жо Байден сүйлөшүүсү

Премьер – министр Р. Т. Эрдоган АКШнын вице – президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Мусулдагы абалдар менен түрк жарандарынын абалы сөз болду. Премьер – министрликтин булактарынан алынган маалыматка караганда Байден Ризеде жолугушууларын улантып жаткан премьер – министр Эрдоганга телефон чалды.
Жарым саатка жакын созулган сүйлөшүүдө Эрдоган жана Байден Ирактагы акыркы абал менен бул өлкөдө кармалган түрк жарандарынын абалын сүйлөшүштү. Сүйлөшүүдө түрк жарандарынын зыян тартпастан өлкөгө кайтуулары үчүн аткарыла тургандар тууралуу пикирлерин билдиришти. Айрыкча Сириядагы акыркы абалдар менен Кипр маселесине токтолушканы да белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар