Ирандын президенти Түркияда

Руханини сапарында жети министр коштоп жүрөт.

87984
Ирандын президенти Түркияда

Ирандын президенти Хасан Рухани Түркия жана Ирандын ортосунда акыркы мезгилдин эң маанилүү сапары менен Анкарага келди...
Рухнини «Эсенбога» аэропортунда Түркиянын өнүгүү министри Жевдет Йылмаз менен кошо бир катар жооптуулар тосуп алышты.
Ирандын президенти Рухани орчундуу маселелер менен келди Түркияга.
Руханини сапарында жети министр коштоп жүрөт.
Рухани президент Абудллах Гүл тарабынан Чанкая сарайында расмий салтанат менен тосулду.
Тосуп алуудан кийин эки президент өз алдынча жолугушууга өтүштү.
Эки президент андан соң делегациялар аралык жолугушууга өтүп, делегациялар аралык жолугушуудан кийин Түркия-Иран кызматташтык келишиминин кол коюу аземи өткөрүлөт.
Кол коюу аземинен кийин эки президент биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт.
Рухани андан соң иш тамагында премьер-министр Эрдоган менен жолугат.
Андан соң Рухани-Эрдоган жетектей турган Стратегиялык кызматташуунун башкы кеңешинин жыйналышында эки өлкөнүн карым-катнаштарынын бардык жактары каралат.
Андан соң Рухани жана премьер-министр Эрдоган маалымат жыйын өткөрүшөт.
Рухани премьер-министр менен жолугушуусунан кийин кайра Чанкая сарайына өтүп анын урматына президент Абудллах Гүл берген расмий тамакка катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар