Экинчи Абдүлхамиттин небереси каза болду

Экинчи Абдүлхамиддин небереси Неслишах Абдүлкадир Османоглу каза болду

78106
Экинчи Абдүлхамиттин небереси каза болду

Султан Экинчи Абдүлхамиттин небереси Неслишах Абдүлкадир Османоглу Стамбулда каза болду. 89 жашында каза болгон Неслишах Абдүлкадир Османоглу 20 күн мурда бөйрөк оорусу менен ооруканага жаткарылды. Абдүлмежиттин уулдарынан шахзада Мехмет Абдүлкадир эфендинин кызы болгон Неслишах Абдүлкадир Османоглу кечээ кечки сааттарда реанимацияда каза болду. 

Неслишах Абдүлкадир Османоглунун жаназасы эртең Стамбул Фатих мечитинде бешим намазы окулгандан кийин Каражаахмет мазарына коюлат. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар