19-Май Ататүрктү эскерүү, Жаштык жана Спорт майрамы

Быйылкы майрамдоолор Сомадагы шахта кырсыгынын себебинен расмий аземдер менен гана чектелди.

69841
19-Май Ататүрктү эскерүү, Жаштык жана Спорт майрамы

Бүгүн 19-Май Ататүрктү эскерүү, Жаштык жана Спорт майрамы
Быйылкы майрамдооллор Сомадагы шахта кырсыгынын себебинен расмий аземдер менен гана чектелет.
Расмий азем саат 9:35те Ататүрктүн мавзолейине зыярат кылуу менен башталды.
Жаштар жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч жана аны коштогон делегация арстандуу жолдон башталган жүрүштөн кийин улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюп таазым кылышты.
Делегация андан соң «Мисаки Милли» мунарасына өтүп жаштар жана спорт министри Кылыч бул жерде мавзолейдин дептерине кол койду.
Кылыч: «Сомада болгон жана бардыгыбызды терең кайгыга салган шахта кырсыгында бизден ажыраган 301 жаныбыз ар дайым жүргөбүздө сакалат. Сен жаккан боштондук жана эгемендик факели учурубузда алгачкы күндөгүдөй жандуулугун сактоодо жана өлкөбүздүн өнүккөн цивилизация жол тартуусуна жарык чачууда»,-деп жазды.
Аземде жаштар жана спорт министри Акиф Чагатай Кылычты ар кайсы окуу жайлардан жана спорттук клубдардан окуучулар коштоп жүрүштү.
19-майга карата мамлекеттин жетекчилери да өз куттуктоолорун жарыялашты.
Президент Абдуллах Гүл 19-Май Ататүрктү эскерүү, Жаштык жана Спорт майрамы себеби менен Стамбулдун губернатору Хүсейин Авни Мутлу жана аны коштогон жаштардын өкүлдөрүн Тарабия сарайында кабыл алды.
19-май программасы үчүн Анкарага келген чет өлкөлүк жаштар да премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушууга барышты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар