Түркия Европанын адам укуктары сотунун өкүмүнө макул эмес

Бул өкүм менен Түркия, Страсбург соту тарабынан мамлекеттер арасындагы доодо «алгач ирет» кун төлөө менен жазаландырылган өлкө болду.

67178
Түркия Европанын адам укуктары сотунун өкүмүнө макул эмес

Европанын адам укуктары соту Түркиянын 1974-жылдагы Кипр тынчтык кыймылынан улам Рум башкаруучулугуна 90 миллион евро кун төлөшүнө өкүм чыгарды.
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу бул өкүмдүн Түркияны баш ийдирбей турганын айтты.
Европанын адам укуктары соту Кипрдын Рум башкаруучулугу тарабынан 1994-жылы Түркияга каршы коюлган мамлекеттер арасындагы доонун кунга байланыштуу бөлүмү тууралуу өкүмүн жарыялады.
Сот Кипр тынчтык кыймылы жана андан кийин аралдын бөлүнүп калышынын себебинен Түркияга 90 миллион евролук кун төлөө жазасын берди.
Страсбургдагы сот Рум башкаруучулугунун 1994-жылдагы кайрылуусун 1996-жылы кабыл алган.
2001-жылы чыгарылган өкүмдө Түркия күнөөлүү деп табылган, бирок кун жазасына байланыштуу өкүмдүн кийинчереек чыга турганын билдирген.
Рум башкаруучулугу кун темасында 2011-жылы Европанын адам укуктары сотуна дагы бир жолу кайрылган.
Бул өкүм менен Түркия, Страсбург соту тарабынан мамлекеттер арасындагы доодо «алгач ирет» кун төлөө менен жазаландырылган өлкө болду.
Европанын адам укуктары сотунун оручундуу өкүмүнүн чыгышы күтүлүп жатканда тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу чыга турган өкүмдүн Түркияны баш ийдирбей турганын белгилеп өттү.
Давутоглу аралдагы сүйлөшүү процессинин мындан терс таасир ала турганын айтты.
10 жылдан кийин кайра күн тартипке чыгарылган бул доонун эл аралык укук жаатында эч кандай баш ийдирүүчүлүгү болбогону сыяктуу эле Түркия жагынан да баалуулугу жок экендигин белгилеген Давутоглу, доонун ошол эле учурда убактысы да туура эмес болгонун билдирди.
Давутоглу Кипрде Түркиянын жол башчылыгында баштатылган сүйлөшүү процесси ылдамдап жатканда, мындай доонун процесстин психологиялык атмосферасына терс чагылыша турганына көңүл бурду.
Түркия тарабынан Рум башкаруучулугуна төлөй турган 90 миллион евролук кундун 30 миллион евросунун жакындарынан ажырагандарга, 60 миллион евросунун да Карпаз аймагында жашагандарга бериле турганы белгиленген.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар