Кыргызстанда чыккан өрттө жаракат алган 2 киши Түркияга жиберилет

Кыргыз жана түрк  дарыгерлердин кеңешүүсүнүн натыйжасында 2 оор жаралуунун Түркияда дарыланышына чечим чыгарылды.

2097117
Кыргызстанда чыккан өрттө жаракат алган 2 киши Түркияга жиберилет
Turk doktorlar kirgizistan'da1.jpg
Turk doktorlar kirgizistan'da.jpg

 Бишкектеги ЖЭБде кечээ чыккан өрттө оор жаракат алган 2 киши  Түркияга жиберилет.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматта Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Кожаели Гөлжүк Нежати Челик мамлекеттик ооруканасынын дарыгерлери Этхем Өзтүрк менен Энгин Четиндин Бишкекке баргандыгы билдирилди. 

Билдирүүдө :  "Түрк дарыгерлери Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен реанимацияда дарыланып жаткан жаралуулардын абалы тууралуу маалымат алып, кыргыз адис дарыгерлер менен жолугушту. Жалууларды дарылоо каралып чыкты",- деп айтылды.

Түрк дарыгер Өзтүрктүн : "Жаралуулардын бирөөсүнүн абалы туруктуу, экөөсүнүн абалынын олуттуу бирок аң  - сезими жайында жана суроолорго  жооп бере алышат. Жаралуулардын абалына караганда дарылоо көпкө созулат. Ушул себептен катуу күйүк алган бейтаптарды дарылоо бардык шарттары бар ооруканада улантылышы керек",- деп айтылды.

Билдирүүдө кыргыз жана түрк  дарыгерлердин кеңешүүсүнүн натыйжасында 2 оор жаралуунун Түркияда дарыланышына чечим чыгарылгандыгы белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар