Түркия- Азербайжан-Грузия машыгуусу

Машыгуунун 6-октябрга чейин улана турганы белгиленди.

2045592
Түркия- Азербайжан-Грузия машыгуусу

Азербайжандын борбор шаары Бакуда Түркия, Азербайжан жана Грузиянын катышуусунда компьютердик командалык пункт машыгуусу (Eternity-2023) башталды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, «Eternity-2023» машыгуусунун Азербайжан Улуттук Коргоо университетинин Аскердик башкаруу институтунун Аскердик оюндар борборунда башталганы билдирилди.

Билдирүүдө, теориялык жана практикалык бөлүктөн турган машыгууда стратегиялык маанилүү долбоорлорду коргоого багытталган тапшырмалардын үч өлкөнүн аскер кызматкерлери жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда аткарылары айтылды.

Министрликтин билдирүүсүндө, үч өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана ынтымакты бекемдөөнү максат кылган машыгуунун 6-октябрга чейин улана турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар