Азербайжан: «Куралсыздандырылган армян топторунун Арменияга өтүүсүнө уруксат берилет»
Бул тууралуу Азербайжандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Азербайжан Карабакта куралсызданган жана демобилизацияланган Армениянын куралдуу күчтөрүнүн өз өлкөсүнө өтүүсүнө уруксат берилерин жарыялады.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта 20-сентябрда жетишилген келишимге ылайык куралсыздандырылган жана демобилизациялан Армения куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлеринин Азербайжандын Карабак аймагынан Арменияга өтүүсүнө Ханкенди-Лачын жана Келбежер-Басаргечер багыттары боюнча уруксат берилери белгиленди.
Билдирүүдө өтүүлөр автобустар жана жеке унаалар менен болоору белгиленген.
Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19-сентябрда Карабакта антитеррордук операция баштаган.
Карабактагы мыйзамсыз Армения куралдуу күчтөрү болжол менен 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштады. Аймактагы жасалма армян администрациясы куралдуу күчтөрүн таркаткан.
Тектеш кабарлар

Казакстанда жатканада өрт чыкты
72 адам жашаган жатаканадан чыккан өрттүн себеби азырынча тактала элек.