Азербайжан жарандарын эскертти

Азербайжандын Тегеран элчилигине 27 -  январда жасалган куралдуу кол салууда элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы  каза болуп, 2 коопсуздук кызматкери жараланган.

1994890
Азербайжан жарандарын эскертти

Азербайжан  жарандарын Иранга саякатка барбоо боюнча эскертти.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта январь айында Азербайжандын Тегеран элчилигине жасалган террордук кол салуу эскертилип, Азербайжан жарандарынын мажбур болмоюнча Иранга барбоолору,  баргандардын этият  болуулары сунуш кылынды.

Ирандагы Азербайжан жарандарына коопсуздук  эрежелерине баш ийүүсү сунушталган билдирүүдө жарандар керек болсо Тебриз башкы консулдугуна кайрыла алышары  белгиленди.

Азербайжандын Тегеран элчилигине 27 -  январда жасалган куралдуу кол салууда элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы  каза болуп, 2 коопсуздук кызматкери жараланган.

Кол салууну террордук кыймыл деп мүнөздөгөн  Азербайжан Тегеран элчилигинин ишин токтоткон.

Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү бири бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасап, Азербайжан Ирандын 4 дипломатын, Иран Азербайжандын 4 дипломатын "кааланбаган киши" деп жарыялаган.

Азербайжанда Иранда чалгындоо кызматы менен байланышы бар экендиги ортого салынган адамдарга каршы операциялар жүргүзүлүп, көп сандаган адам кармалды.

Иранга каршы көз караштары менен белгилүү болгон азербайжандык саясатчы Фазыл Мустафа 28-мартта үйүнүн алдында болгон куралдуу кол салууда жарадар болуп, Азербайжан бийлиги кол салууну Ирандан чыккан «террордук кол салуу» деп мүнөздөдү.

Президент Илхам Алиев бир жыйында сүйлөгөн сөзүндө  : «Азербайжан менен Ирандын ортосундагы карым  - катнаштардын бардык учурлардын эң төмөнкү деңгээлде экендигин»,- айткан.



Тектеш кабарлар