Алиев Эрдоганды куттуктады

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда, Алиев Эрдоганга телефон чалып куттуктоосун айтты.

1986430
Алиев Эрдоганды куттуктады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоганды жана Элдик альянсты, президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болушу менен куттуктады.

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда, Алиев Эрдоганга телефон чалып куттуктоосун айтты.

Алиев Түркиянын Эрдогандын жетекчилигинде чоң ийгиликтерге жетишкенин жана мунун бир көрүнүшү катары боордош түрк элинин бул шайлоодо да лидерине болгон ишенимин көрсөткөнүн белгиледи.

Эрдоган да Алиевге куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүдө лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелердин туруктуу жана бузулбас экенин дагы бир жолу баса белгилешти.



Тектеш кабарлар