Азербайжан экономика министри Түркиянын TOGG унаасын айдады
Соода министри Мехмет Муш Самсунга «Түркия-Азербайжан артыкчылыктуу соода келишими» үчүн келген Жаббаров менен бирге Бандырма кеме музейин кыдырды.
1981102
Азербайжандын экономика министри Микайыл Жаббаров Түркиянын ата мекендик унаасы TOGGду Самсунда айдады.
Соода министри Мехмет Муш Самсунга «Түркия-Азербайжан артыкчылыктуу соода келишими» үчүн келген Жаббаров менен бирге Бандырма кеме музейин кыдырды.
Жабаров Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн бул жерде коюлган экспонаттарын карап чыкты.
Кийинчерээк министр Муш TOGG унаасынын рулуна отурган Жаббаровдун жанына отурду.
Жаббаров машинаны бир аз айдап көрдү.